Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

Геннадий Павлюк Алматыдагы ооруканада эсине келбей каза тапты


Алматыдагы ооруканага оор абалда түшкөн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк эсине келе албаган тейден бүгүн таңга жуук дүйнө салды. Бул кейиштүү кабарды "Азаттыктын" казак кызматына Г. Павлюктун жубайы Ольга ырастады. Анын айтымында, дарыгерлер журналисттин алган жаракаты оор болгонун, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой калгандыгын билдиришкен.

Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоним алдында белгилүү Геннадий Павлюктун денеси 16-декабрда Алматыда Фурманов атындагы көчөдө орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн алдынан табылган. Журналист алтынчы кабаттан буту-колу байланган абалда ыргытылганы жөнүндө шектүү кеп тараган. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган Геннадий Павлюк ооруканага жеткирилип бир аптадай врачтардын көзөмөлүндө эсине келе албай жатып үзүлдү.

Казакстандык тартип коргоо органдары журналистке кол салуу окуясы боюнча кылмыш ишин жарыялап, иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүүдө. Кыргызстандык укук коргоочулар жана саясатчылар журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердиги менен түздөн-түз байланыштырууда. Г.Павлюк «Аргументы и Факты-Кыргызстан» жана «КП в Кыргызстане» гезиттерине баш редактор болуп иштеген, «Белый пароход» интернет басылмасын чыгарып келген. (EK)

XS
SM
MD
LG