Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Меккеге кеткендердин жетөө кайтыш болду


Бүгүн муфтий Муратаалы ажы Жуманов маалымат жыйынын өткөрүп, быйылкы ажылык сапар боюнча маалымат берди. Муфтийдин билдирүүсүңдө быйыл Меккеге бардыгы болуп 4782 адам ажыга барып, алардын жетөө кайтыш болду. Кыргызстанда быйылкы ажылык сапары биринчи ирээт жергиликтүү авиакомпания аркылуу ишке ашырылды. Буга чейин депутат Нургазы Айдаров парламент жыйынында “Манас эйр” аркылуу ажылыкка кеткендердин акыркылары кайта албай кыйналышууда деп билдирген. Депутат «Манас эйр» ажылык сапары бүткөн кыргыз жарандарын кайра Бишкекке алып келүү милдетин техникалык себептерден өтөй албай жатат деп билдирген эле. Бүгүнкү маалымат жыйынында бул мүчүлүштүк аба-ырайына байланыштуу орун алганын жана ажылыкка барган топтун акыркылары 3 күн кечигүү менен 20-декабрга караган түнү Кыргызстанга кайтканы белгиленди. (EK)

XS
SM
MD
LG