Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Балыкчыда шайлоо жаңжалы боюнча сот чечими 25- декабрда чыгат


Балыкчы окуясына байланыштуу бүгүн он минутка созулган соттук жараянда айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты. Андан кийин соттук отурумду алып барган сот Болот Дүйшөнбиев өкүм 25-декабрда чыгаарын айтып, сот жараянын жыйынтыктады. Сот мунун 18 адамга өкүм жазыш үчун убакыт керектиги менен негиздегенин “Азаттыктын” дубандагы кабарчысы маалымдайт.

23-июлдагы президенттик шайлоодо добуш берүү мыйзам бузуулар менен өтүп жатканына нааразылыгын билдирип, жергиликтүү администрацияга келген 20дан ашуун кишини милиция камакка алган. Алардын ичинен 23 кишиге “шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, баш-аламандык уюштурган” деген айыптар менен кылмыш иши козголгон. (EK)

XS
SM
MD
LG