Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:23

Петровка окуясы боюнча сот 24-декабрга жылды


Буга соттук отурумга эң негизги күбөлөр келбей калганы себеп болгон. Прокуратура аларга сотко чакыруу жиберилгенин тастыктаганына карабастан күбөлөргө чакыруу кагазы жеткен эмес. Судьяга сунушталган Д. Үсөнов, М. Конгантиев, Т. Исаев өңдүү мамлекеттик кызматчыларды күбөгө тартуу өтүнүчү дагы да болсо чечиле элек. Петровка окуясы боюнча жалпысынан үч жүздөн ашуун киши күбөдөн өтүүдө. Ушул тапта жетимиштен ашуун күбө көрсөтмө берди.

Быйыл апрель айында Петровкада күрт улутундагы жигит кичинекей орус кызды зордуктады деп жаалданган эл күрт улутундагылардын айылдан көчүп кетишин талап кылган. Бир нече үйлөр талкаланган. Тополоңго тиешеси бар деп “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев, укук коргоочулар Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов камакка алынган. Айыпталып жаткандар бул иш-аракеттерди бийликтин куугунтугу катары сыпаттап келишет. (JJ)

XS
SM
MD
LG