Андерс Фог Расмуссен жаңы аскерлерди кабыл алууга даярдыктын жүрүшү менен таанышууда. Ал президент Карзай, НАТО баштаган эл аралык коопсуздукка жардам күчтөрүнүн кол башчысы генерал Стэнли МакКристалдар менен жолугары кабарланган. АКШнын президенти Барак Обама кошумча 36 миң аскер жиберерин жарыялагандан кийин 36 өлкө дагы 7 миң аскер убада кылган.