Электр жана жылуулук кубатына болгон баалардын кымбатташы – элге каршы саясат. Баа көтөрөрдөн мурда өкмөт элдин пикирин уккан жок. Энергетика тармагына мурда бөлүнгөн каражаттардын кандай иштетилгендиги калкка түшүнүксүз. Базар-Коргон районундагы Акман айыл кеңешинин сессиясы ушундай кайрылуу кабыл алды. Айыл кеңештин төрагасы Олжобай Боронбаев бүгүн баа саясатына депуттар менен бирге кыштак эли да нааразы экендигин, кайрылуу кыргыз калкына жолдонгонун билдирди. (YA)