Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Төрагалыкка Зайнидин Курманов сунушталды


"Ак Жол" партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин төрагалыгына Зайнидин Курмановду сунуш кылуу чечимин бир добуштан кабыл алды. "Шаршембиде Зайнидин Курмановдун талапкерлиги фракциянын жыйынында талкууланып, жактырылса бейшемби күнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында каралат",- деп билдирди "Ак жол"фракциянын лидери Улугбек Ормонов. 54 жаштагы Зайнидин Курманов кесиби боюнча тарыхчы. Ал Жогорку Кеңештин буга чейинки эки чакырылышынын депутаты болгон. (GA)

XS
SM
MD
LG