Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Владимир Путин Грузияда советтик согуш эстелигинин бузулушун сынга алды


Орус сыналгысынан сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын өкмөт башчысы Грузияны «советтик өтмүшүн» жок кылып жатат деп айыптады:

– Биздин эксперттерге ылайык, бул эстеликтин көркөм баалуулугу бар. Бирок аны жок кылуу мурдагы СССР элинин жалпы тарыхын, анын ичинде баатырдык тарыхын жок кылууга тете.


Кутаиси шаарында ишемби күнү жардырылган Ата мекендик согушка арналган эстеликти Путин Москвада кайра калыбына келтирүүнү сунуш этти. 46 метр келген бетон-коло айкелди жардыруунун мезгилинде бир аял баласы менен урандынын астында калып каза тапкан.

XS
SM
MD
LG