Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Зайнидин Курмановдун талапкерлигин “Ак жол” фракциясы карайт. Аталган фракциянын төрагасы Улугбек Ормоновдун айтымында, шейшембиде “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин президиуму болуп спикерликке депутат Зайнидин Курмановдун талапкерлигин көрсөтүү боюнча чечим кабыл алып, фракцияга сунушталды.
54 жаштагы Зайнидин Курманов Бишкекте (Фрунзеде) төрөлгөн. Билими боюнча тарыхчы. Ленинград мамлекеттик уинверситетин бүтүргөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Профессор. (AJ)