Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

“Чек арасыз кабарчылар” казак бийлигинен журналистти өлтүргөндөрдү табууну талап кылууда


“Чек арасыз кабарчылар” уюму оппозициялык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты. “Казакстандын ЕККУга жетекчилик кыла турганына он гана күнү калды. Ушул убакыт ичинде казак бийлиги кыргызстандык журналистти өлтүргөн адамдарды табууга бардык күчүн жумшаш керек. Кыргыз бийлиги буга жардам бериши зарыл”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Белый Парус” басылмасынын редактору, кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 17-декабрда Алматыда оор абалда табылган бойдон ооруканада эсине келбей кечээ таңда кайтыш болду. Укук коргоо органдары журналист атайын кол салуунун натыйжасында өлтүрүлдү деген божомолду дагы иликтеп жатышат. Журналистти көп кабаттуу үйдөн колу-бутун таңып туруп ыргытып жиберишкен деген маалыматтар айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG