Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

“Ак шумкар” партиясы ачык кайрылуу менен чыкты


“Ак шумкар” партиясы президент тарабынан парламентке сунушталган “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” долбоорго байланыштуу ачык кайрылуу менен чыкты. Кайрылууда президент Курманбек Бакиевдин сунуштарына партия макул эместиги айтылат. “Ак шумкар” партиясы президент кандайдыр бир себептерге байланыштуу (ден соолугуна, башкара албай калганына же каза болуп калса, же мамлекеттик жарандыгынан чыкса) өз кызматын аткара албай калган учурда өлкөнү ким башкара турганын мыйзамда жазылбаган, белгиленбеген Президенттик кеңеш чече турганына каршы. Мындай учурда президенттин милдетин убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы, ал болбосо премьер-министр аткарат. Бул Конституцияда анык көрсөтүлгөн”, - деп жазылат.

Партиянын лидери Темир Сариевдин бүгүн маалымат жыйында билдиргенине караганда, жооптуу адамды Президенттик кеңештин дайындоосу өтө опурталдуу жана коркунучтуу. “Ак шумкар” партиясы буга бөгөт коюп, Жогорку Кеңешти мындай өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырат”, - дейт Т.Сариев. Ошондой эле элдин атынан түз шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш гана чыга ала тургандыгын, башка адамдарга эл ыйгарым укуктарын жана бийлигин бербегендигин эскертет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG