Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:25

Казак уран компаниясынын мурдагы башчысы сот залынан ооруканага түштү


Казакстандын уран өндүрүүчү ишканасы – КазАтомПромдун мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин соту кечээ Астанада башталган эле. Башкы прокуратуранын сот маалымат каражаттары үчүн ачык болот деген убадасына карабай, жараян жабык эшик артында өтүүдө. Сот залына кирүүсүнө уруксат берилген жалгыз адам, адвокат Нурлан Бейсекеевдин “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун казак кызматына билдиргенине караганда, бүгүнкү отурумдун учурунда Мухтар Жакишевдин кан басымы капыстан эле көтөрүлүп кеткендиктен, тез жардам чакыртылып, ал ооруканага жаткырылды. Бирок сот жараянды айыпкерсиз эле уланта берүүнү чечти.

КазАтомПромдун мурдагы башчысы жана анын кызматташтары быйыл майда камакка алынган, ошондон бери Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Астанадагы түрмөсүндө кармалууда. Казакстандагы оппозициячыл топтор Мухтар Жакишевге жана анын кесиптештерине тагылган айыптарды саясий жүйөө менен байланыштырып келишүүдө.

XS
SM
MD
LG