Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

СДП фракциясы 2010-жылдын бюджетин талкуулады


Анда негизинен бюджеттин социалдык бөлүгү: билим берүү, саламаттык сактоо жана маданиятка бөлүнчү мамлекеттик каражат каралды. Фракция мүчөсү Иса Өмүркуловдун айтуусунда, социалдык тармакка бөлүнгөн каражат аз, тармакта иштегендердин айлык акылары эч өзгөрүүсүз калган, айрыкча саламаттык сактоодо зарыл заманбап технологиялык жабдууларды сатып алууга каражат каралган эмес. Ошондой эле эл өкүлү бул бюджеттин таңкыстыгы өтө чоң экендигин, ал 13,5 млрд. сомго жетээрин билдирди.

Каржы министри Марат Султановдун маалымдоосунда, 2010-жылдын киреше бөлүгү 51,6 млрд. сом, чыгаша - 65,2 млрд. сомду түзөт жана бюджетте артыкчылык социалдык багытка берилип, анын 15% же 3,5 млрд.сомго чукул каражат аталган тармакка бөлүнгөн. (GA)

XS
SM
MD
LG