Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:15

Иранда коопсуздук күчтөрү менен оппозиция жактоочулары кагылышты


Кабарларга караганда, кагылышуу диссидент динаятчы, улуу аятолла Хоссеин Али Монтазерини эскерүү жөрөлгөсү алдында орун алган. Оппозициячыл маанайдагы сайттардын жазганына караганда, окуя Исфахан шаарында болду. Сөөгү ушул дүйшөбү күнү жерге берилген динаятчы үчүн аза күткөндөр жыйналган учурда коопсуздук күчтөрү бир нече адамды камакка алган. Бул маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес. Анткени чет өлкөлүк маалымат каражаттарына нааразылык акцияларын түз чагылдыруусуна тыюу салынган.

Ушул дүйшөмбү күнү Кум шаарында аятолла Монтазерини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө көп адам жыйналып, өкмөткө каршы ураан-чакырыктар айтылган эле. Монтазери 1979-жылкы ислам ыңкылабынын архитекторлорунун бири болгон, бирок кийинчерээк Ирандын азыркы жетекчилигинин катаал сынчысына айланган.

XS
SM
MD
LG