Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Нарында мугалимдер гезитке мажбурлап жаздырууга каршы болууда


Нарын шаарындагы мектептерде «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Кут Билим» жана жергиликтүү облустук «Теңир Тоо» гезиттерине алдыдагы жыл үчүн жаздыруу жүргүзүлүп, анын акчасын мугалимдердин эмгек акысынан кармап калган жатышат. Мындай маалыматты бүгүн өз ысымдарын айтуудан айбыккан бир катар мугалимдер «Азаттыкка» билдиришти.

- Биз ар бирибиз 96 сомдон акча берет экенбиз. Мындай бөлүштүрүү Нарын шаарына аябай көп берилген экен. Биз минтип гезиттерге жаздырууга каршыбыз,-дешет мугалимдер.

Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асан Атабаев мекемелерге гезитке жаздырууга көрсөтмө мэриядан келгендигин, бирок ар бир мугалимге бөлүштүрүүдө 96 сомдон тийбестигин жооп кылды. (KUs)

XS
SM
MD
LG