Ушул аптада өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарындагы пресс-клубда жанкечти өзүн жардырып жиберип, үч адам өлгөн, ондогон киши жаракат алган эле. Ошонун эртеси бийликтер эми өлкө боюнча журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга атайын күчтөр бөлүнөөрүн айтып чыгышты.