Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Зайнидин Курманов ЖК төрагалыгына шайланды


Парламент төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын төрагасы Максат Кунакунов жарыялады. Анын айтымында, жалпысынан 90 бюллетень даярдалып, анын 84ү таратылган. Натыйжада 84 депутат Зайнидин Курмановдун талапкерлигин колдоп, каршы добуш бергендер болгон жок.

Жаңы төрага кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен мыкты иштөөгө убада берди жана ошол эле замат төрагалык ишине киришти. (AiJu)

XS
SM
MD
LG