Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:18

Журналист Г. Павлюктун сөөгү жерге берилди


“Азаттыктын” Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы Рита Нурманбет кызы маалымдагандай, Геннадий Павлюктун сөөгү аталган облустун Кара-Ой айылында жерге берилди. Ал каза болоордон мурда, эгерде көзү өтүп кетсе, сөөгүн ушул айылга коюу тууралуу жакындарына керээз калтырган экен. Сөөктү жерге берүү расмисине мамлекеттик ишмер Аскар Айтматов, Өмүрбек Текебаев баштаган “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери жана туугандары катышты.

Геннадий Павлюк 1958-жылы 11-августта туулган. Ибрагим Рустамбек деген ат менен жазган макалалары “Белый парус”, “Аргументы и факты”, «Комсомольская правда в Кыргызстане» жана башка гезиттерде чыгып келген. Акыркы мезгилде “Белый парус” басылмасынын редактору болуп иштеп, “Ата Мекен” партиясы менен кызматташып жүргөн. Г. Павлюк 16-декабрдын түнү Алматыда оор абалда табылып, ооруканада эсине келбей 22-декабрдын таңында кайтыш болду. Маалыматтарга караганда, журналистке атайын кол салуу болуп, аны көп кабаттуу үйдүн алтынчы кабатынан колу-бутун таңып туруп ыргытып жиберишкен. Учурда Алматы шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө.(AiJu)

XS
SM
MD
LG