Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Сенат саламаттыкты сактоо мыйзамына добуш берет


Кошмо Штаттарынын Сенаты бүгүн мамлекеттик саламаттык сактоо реформасы жөнүндө мыйзамга добуш бериши күтүлүдө. Ал демократтар менен республикачылардын ортосунда талаш туудурган болчу, эми демократтар сенатта мыйзамды кабыл алууга жетиштүү добуш чогултканы айтылууда. Бирок муну менен мыйзам биротоло кабыл алынып калбайт, андан кийин ал Өкүлдөр палатасында да жактырылышы керек. Президент Барак Обама менен Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон башында турган демократтар эгер бул мыйзам кабыл алынса 50 миллиондой америкалыктарга ооруканаларда дарыланууга мүмкүнчүлүк ачып бермекчи. АКШнын саламаттык сактоо системасы дүйнөдө 37-орунда турат жана дарылануу көпчүлүк америкалыктар үчүн өтө кымбат кызмат болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG