Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жарандардын коопсуздугун жана ички тартипти камсыз кылуу максатында түштүк аймагынын милициясына күчөтүлгөн режим киргизилмекчи. Мындан тышкары стратегиялык мааниге ээ обьектилер дагы өзгөчө коргоого алынмакчы. Ошентсе да, жергиликтүү жашоочулар милиция майрам күндөрү гана иштеген түр көрсөтүп, тескерисинче, адамдардын укугун коргоонун ордуна аларды паспорттук режимге шылтоолоп кордоп, а түгүл жаңы жылда көчөдө жөн-жай жүргөндөрдөн акча өндүрүү күчөйт деп кабатыр болууда. (ATo)