Облустагы психоневрологиялык ооруканадагы балдардын күнүмдүк тамагына 65 сом каражат каралган. Өзүн бат булгаган балдарды кароочу энелер жетишсиз. Айлыгы аз андай иштен жаштар баш тартууда. Сузак районундагы карылар үйүндөгү багар-көрөрү жоктордун 40 пайызы ичимдик ичет. Бир да молдо андагы карыларды ыйманга чакырганы барган жок. Бул жөнүндө бүгүн Жалал-Абад шаарында өткөн талкууда айтылып кетти. Талкууда ошондой эле тартип бузган карылардын укугун талашкан адам укугун коргоочулар сынга кабылды. (YA)