Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Бүгүн Алайда И.Исаковду колдогон митинг өткөрүлөт


Бул тууралуу акция өткөрүүчүлөрдүн бири “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун таламын талашкан жердештери бийликтен генералга куугунтуктоону токтотууну, аны сотто актоону талап кылышат. Буга чейин 17-декабрда алар Гүлчөдө нааразылык акциясын өткөрүп, ушундай талаптарды койгон. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, алайлыктар жер-жерлерде жөө жүрүш, митинг, ачкачылык уюштурарын билдиришкен. Алардын мындай талабын райондун акими Алмазбек Осмонов мыйзамсыз жорук катары сыпаттаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG