Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:44

И.Исаковдун тарапкерлери Алайда акимчиликтин алдына чогулушту


40-50 киши райондук акимчиликтин алдында Исмаил Исаковдун сотунун чечимин күтүп турушат. Чогулгандардын арасынан 2-3 өкүл райондук администрация жетекчиси Осмонов Алмазбек менен жолугушууга киргени камынып жатышат. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Таалай Закиров билдирди. Анын айтымында буга чейин дагы райондук жетекчиликке бир топ кайрылуулар болгону менен расмий тараптан эч кандай жооп боло элек. Ушул тапта Бишкек гарнизондук аскердик сотунда мурдагы коргоо министри Исмаил Искаковго байланыштуу соттук териштирүүлөр соңуна чыгып, соттун өкүмүн угузуусу күтүлүп жатат. (GA)

XS
SM
MD
LG