Өлкө башчысы Жогорку Кеңештин жаңы шайланган төрагасын кабыл алып жаңы кызматы менен куттуктады жана бул чакырыктагы парламент тарыхта өзүнүн жемиштүү иши менен мамлекеттүүлүктү чыңдоодо коомдогу бардык күчтөрдү бириктире алаарын ишендирди. Жаңы төрага Зайнидин Курманов Жогорку Кеңештин ишин кандайча эффективдүү деңгээлге көтөрүү тууралуу өз көз карашы бар экендигин билдирди. 24-декабрда Жогорку Кеңештин 84 депутаты Зайнидин Курмановдун талапкерлигин колдоп добуш берген. (GA)