“Нью-Йорк Таймс” гезити 22-декабрдагы санына журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу ушундай аталышта макала жарыялады. Анда "Кыргызстандагы оппозициялык саясатчылар журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө президент К. Бакиевди күнөөлөшүүдө, анткени өлтүрүлгөн журналист өлкөдөгү сын көз караштын күчөшүнө салым кошо баштаган. Ал эми Президенттин маалымат катчысы журналист Г.Павлюкка болгон кол салууга мамлекеттин эч тиешеси жок экендигин айтты" деп жазып чыкты.
“Укук коргоочу топтор мырза Бакиевди катуу сынга алып жатса, АКШнын негизги көңүлү Бишкектин сыртында жайгашкан эң маанилүү өз аба аскерий базасын сактап калууга бурулган”, деп белгилейт аталган басылма.
Бул макаланын автору “Нью-Йорк Таймс” гезитинин Москвадагы бюро жетекчиси Клиффорд Леви быйылкы президенттик шайлоонун алдында Кыргызстанга келип, Курманбек Бакиев менен маек уюштурган. Журналисттин "эмне үчүн журналисттер ур-токмокко алынууда?" деген суроосуна кыргыз президенти “балким алардын өздөрүнүн туура эмес иштерге тиешеси бардыр же кырсыкка кабылып калып жатышат го” деп жооп берген эле. (GA)