Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Иранда оппозиция жактоочулары менен коопсуздук күчтөрү кайрадан кагылышты


Тегерандан түшкөн кабарларга караганда, кагылышуу оппозиция жактоочулары диний жөрөлгөнү өкмөткө каршы демонстрацияга айлантуу аракетин жасаганда болгон.

Күбөлөрдүн “Азаттык жана Эркин Европа” радиосунун фарси кызматы – Фарда радиосуна билдиришкенине караганда, полиция жана басижи күчтөрү Тегерандын көчөлөрүнө демонстранттар көп санда жыйналуусуна жол бербөө үчүн чыгарылды. Нааразылык акциясы Мешхед шаарында да орун алган.

Иранда учурда Ашура диний майрамы белгиленүүдө. Анын жүрүшүндө шийиттер Мухаммед пайгамбардын 680-жылы курман болгон небереси Имам Хуссеинди эскерип, аза күтүшөт. Бул диний жөрөлгө жекшемби күнү соңуна чыкмаксы. Иран полициясынын башчысы Исмаил Ахмади Мохаддам полиция диний эмес мүнөздөгү жыйындарга каршы олуттуу чара көрүлөрүн эскерткен.

XS
SM
MD
LG