Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

АКШ учактарда коопсуздук чараларын көрүүгө чакырды


Кабарларга караганда, АКШ бийликтери дүйнө боюнча баардык авиокомпанияларга мындай чакырыкты Америкага бара жаткан учактын жүргүнчүсү аны жардырууга аракеттенген соң жасады. Контртерроризм боюнча Гаагадагы улуттук координатордун билдиргенине караганда, АКШ бийликтери Кошмо Штаттарды көздөй баардык авиакаттамдарда кошумча коопсуздук чараларын көрүүнү суранды.

Мунун алдында Нидерландиянын борбору Амстредамдан Детройтту көздөй бара жаткан учакта жарылуучу затты дүрмөткө келтирүүгө аракеттенген нигериялык адам кармалган эле.

Ак үй бул окуяны террордук акт жасоо аракети катары карарын билдирди. Америкалык конгрессмен Питер Кингдин айтымында, 23 жаштагы нигериялык ал жаш жигит “ал-Каида” террордук түйүнү менен байланышта турган болуусу мүмкүн.

Детройтко аман –эсен барып конгон учактын бортунда 278 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG