Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:33

Кыргызстанда Ыйса машаяктын туулган күнү белгиленди


Бүгүн дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү менен бирге Кыргызстанда да Ыйса машаяктын туулган күнү белгиленди. Майрам өлкөнүн бир топ жерлеринде өттү. Кыргызстандык ыйса машаякчылар кандай өткөрө тургандыгын “Азаттыкка” Айтбек Сыналиев айтып берди: “Ыйса машаяктын туулган күнүнүн урматына кубанып чогулуп, тамак жасап отурабыз. Башкысы элге Ыйса машаяктын төрөлүшү, маанисин түшүндүрүп, Кудайды даңктап ырдайбыз”, - дейт А.Сыналиев. Анын айтымында, майрам жекшембиге чейин уланмакчы. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG