Аталган райондун Шаркыратма айылынын тургундары “Азаттыкка” маалымдашынча, быйыл өрөөнгө кыш эрте түштү. Кар калың жаагандыктан жергиликтүү калктын райондук жана облустук борборго каттоосу үзгүлтүккө учурады. Алардын айтымында, пенсия, пособие жана маяна убагында тийбегендиктен, эл кышка карата күн мурунтан даярданган эмес. Мындай акыбал жазга дейре өкүм сүрүшү ыктымал.
Кара-Кулжа районунун акиминин биринчи орун басары Бекполот Мажитов 50-60 чакты түтүн жашаган Шаркыратма кыштагына караштуу автожолду транспорт министрлигинин кароосуна өткөрмөйүнчө маселе чечилиши кыйын экендигин билдирди. (ATo)