Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Трансатлантикалык учакты жардыруу аракетинен соң Лондон полициясы иликтөө баштады


Британ борборунун полициясы мындай кадамга америкалык бийликтер Европадан АКШга барган учакта терракт жасоо аракети болгондугун айткандан кийин барууда. Лондон полициясынын өкүлү “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна алар АКШ бийликтери менен байланышта иштеп жатканын ырастады.

Кабарларга караганда, Нидерландиянын борбору Амстредамдан Детройтко барган учакты жардырууга аракет жасаган нигериялык жигит Лондондо окуйт. Умар Фарук Абдул Муталлаб ысымдуу жүргүнчү учакта жарылуучу затты күйгүзүү аркылуу дүрмөткө келтирүүгө аракеттенгенде кармалып, зыянсыздандырылды. Ал азыр АКШда камакта. Америкалык конгрессмен Питер Кингдин айтымында, 23 жаштагы Муталлаб “ал-Каида” террордук түйүнү менен байланышта турган деп эсептелинүүдө.
Ал эми нидерланд бийликтеринин айтымында, Абдул Муталлаб Детройтко кетүүчү учакка отурардан мурда алардын аймагына Нигериядан келгенде, анда АКШнын жарактуу визасы болгон,

АКШнын контртерроризм боюнча Гаагадагы улуттук координатордун билдиргенине караганда, бул окуядан соң америкалык бийликтер Кошмо Штаттарды көздөй баардык авиакаттамдарда кошумча коопсуздук чараларын көрүүнү суранды. Коопсуздук чаралары Американын аэропортторунда да күчөтүлдү. Ушундай эле кадамга коңшу Канадада барды.

Детройтко аман –эсен барып конгон учактын бортунда 278 жүргүнчү жана экипаждын 11 мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG