Бул тууралуу биринчи Биринчи май райондук сотунан маалым кылышты. 26-декабрдагы сот отурумунда авиакырсык үчүн айыптуу деп табылган учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин соттогу акыркы сөздөрүн айтышкан. Водолагин сотко чечим чыгарууда анын кичинекей кызы бар экенин эске алуусун өтүнгөн. Сот бул окуя боюнча бүтүмүн 28-декабрда чыгарат.
2007-жылы 24-августта Кыргызстандын “Итек Эйр” жана Ирандын “Ассеман эйр” аба компаниялары уюштурган Бишкек-Тегеран каттамындагы “Боинг-737” учагы “Манас” аэропортунан абага көтөрүлүп, көп өтпөй кайра жерге кулап түшкөн. Натыйжада 65 киши каза тапкан, ал эми учактын экипажы аман калган. Авиакырсык үчүн учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагин айыптуу деп табылган.(SA)