Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Хорватияда президенттик шайлоо өтүп жатат


Бул кызмат үчүн он эки талапкер ат салышып жатат. Бирок алардын бири да биринчи айлампада жеңип чыгуу үчүн талап кылынган 50% добушту ала албайт деп күтүлүүдө. Экинчи айлампа 10 -январга белгиленүүсү мүмкүн. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктарына караганда, оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын талапкери Иво Йосиповичтин шайлоочулар арасындагы бедели жогору. Көч башындагы башка талапкерлер арасында борбор Загребдин мэри Милан Бандич жана ишкер Надан Видошевич да бар. Шайлоонун жеңүүчүсү мамлекет башчысынын кызматында азыркы президент Стипе Месичти алмаштырат.

XS
SM
MD
LG