Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:06

Өзбекстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, эл 27-декабрдагы добуш берүүгө жогору активдүүлүктө катышууда. Бишкек убактысы боюнча саат 14:00го карата элдин 57% добуш берип койгону кабарланды. Өзбекстанда добуш берүүгө укуктуулар жалпы саны 17 миллион адам.

Шайлоо өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 135 орун үчүн өткөрүлүп жатат. Төмөнкү – Мыйзам чыгаруу палатасындагы мандаттардын саны мурдагы 120дан 150гө көбөйтүлгөн. Бирок 15 орун автоматтык түрдө эле Өзбекстан Экологиялык кыймылына берилген.

Шайлоого катышууга болсо расмий каттоодон өткөн жана президент Ислам Каримовдун саясатын колдогон төрт партияга гана уруксат берилди. Алар: Либералдык – демократиялык партия, Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясы, “Милли Тикланиш” Улуттук кайра жаралуу жана “Адолат” Социал-демократиялык партиялары.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан. Уюм шайлоо алдындагы өз баяндамасында Өзбекстандагы “азыркы саясий спектр электоратка саясий атаандаштарды нукура тандоо мүмкүнкүлүгүн тартуулабайт”, - деп белгилеген.

XS
SM
MD
LG