Өзбекстанда кечээ парламенттик шайлоо өттү. Акыркы маалыматтар боюнча ага шайлоочулардын 87,7 пайызы катышты. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мирзоулукбек Абдусаломовдун маалыматы боюнча, кечки саат 8ге карата добуш берүүгө укуктуу 17 миллион адамдын 15 миллион 108 миң 950 шайлоочусу саясий өнөктүккө катышты.
Шайлоо өлкө парламенти – Олий Межлистин төмөнкү палатасындагы 135 орун үчүн өткөрүлдү. Төмөнкү – Мыйзам чыгаруу палатасындагы мандаттардын саны мурдагы 120дан 150гө көбөйтүлгөн. Бирок 15 орун автоматтык түрдө эле Өзбекстан Экологиялык кыймылына берилген.
Шайлоого катышууга болсо расмий каттоодон өткөн жана президент Ислам Каримовдун саясатын колдогон төрт партияга гана уруксат берилди. Алар: Либералдык – демократиялык партия, Өзбекстандын Элдик демократиялык партиясы, “Милли тикланиш” улуттук кайра жаралуу жана “Адолат” социал-демократиялык партиясы.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан. Уюм шайлоо алдындагы өз баяндамасында Өзбекстандагы “азыркы саясий спектр электоратка саясий атаандаштарды нукура тандоо мүмкүнкүлүгүн тартуулабайт”,- деп белгиледи.