Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Кыргызстанда 238 айыл округ башчылары шайланды


Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиги өткөн ишембиде өткөрүлгөн шайлоого 239 калктуу пункт катышып, ага 500дөн ашуун талапкер катталганын маалымдады.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, 238 айыл округунда, шаарча жана райондук башкаруудагы шаарларда шайлоо болуп, 109 округ башчысы кайра, 129у жаңы шайланды. Алардын ичинен 221и эркек, 17си аял. Алардын ичинен 220сы кыргыз улутундагылар болсо 10у өзбек, 3 орус, 5 киши башка улуттардан шайланды. Отуз жашка чейинкилер 2,1%, отуз жаштан 45 жашка чейинкилер 33,2% жана 45 жаштан өйдөкүлөр 64,7% түзөт.

Жергиликтүү башкаруудагы органдардын жетекчилери ошол жердеги жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Талапкерлер болсо райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким тарабынан альтернативдүү негизде көрсөтүлөт(GA)

XS
SM
MD
LG