Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Кочкордо беш айда төрт аял төрөттөн ажал тапты


Алардын үчөө 20-21 жаштагы тун энелер экенин укук коргоочу Чынара Тургуналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында мындай көрүнүш райондук төрөт бөлүмүндөгү дарыгерлердин шалаакылыгынан улам чыгып отурат. Төрөттөн каза тапкан келиндердин жакындары бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Жогорку Кеңеш депуттарынын дарегине кайрылуу жолдошту. Алар аймактык оорукана жетекчилигин жоопкерчиликке чакырып, өз ишин билбеген врачтарды кызмат ордунан алуу талабын коюшууда.

Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун деректири Кыял Мамбеталиевдин билдиришинче, соңку учурда укук коргоо органдарынын сурагына алынган акушер-гинекологдор кысымга чыдабай иштерин таштап кетип жатышат. Быйыл эле отуз төрт акушер-гинекологдун он төртү жумушун которгон. (EK)

XS
SM
MD
LG