Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Казак ИИМи: журналист Павлюктун өлүмүнө кыргыз жарандарынын тиешеси бар


Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн Алматыда мерт болгон кыргыз жараны Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу тергеп-тескөө амалдарынын натыйжасында бул кылмышка Кыргызстандын бир канча жарандарынын тиешеси бар экени аныкталганын маалымдады.
Анда ошондой эле учурда бул окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында казак полициясы тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканы, аны менен бирге топтолгон маалыматтар менен далилдерди кыргыз тараптын тиешелүү кызматтарына берүү маселеси чечилип жатканы айтылат.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюкту 16-декабрда Алматынын Фурманов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 6-кабатынан белгисиз бирөөлөр ыргытып жиберишкен. Ал ооруканада оор абалда эсине келбей жатып, 22-декабрда кайтыш болгон эле.

Кыргызстандык оппозициялык саясатчылар журналисттин өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып, бул ишти саясий буюртма катары баалашууда.

Кыргызстандын ички иштер министри Молдомуса Конгантиев болсо парламенттин ишемби күнкү жыйынында мындай иштерди териштирбей туруп эле бийликке оодара берүү туура эместигин, аны Казакстандагы кесиптештери териштирип жатканын, алар менен тыгыз байланышта кабардар болуп турганын билдирген эле. (SM)


XS
SM
MD
LG