Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Иранда жети оппозиционер камалды


Бул тууралуу кабар кечээ Ирандагы демонстрациялардагы тополоңдо сегиз адам набыт болгондон кийин айтылып жатат. Демонстранттар менен полиция кагылыша кеткенде дагы 300 киши жаракат алган. Бул тууралуу жергиликтүү мамлекеттик сыналгы каналы кабарлаган эле. Опозициянын интернет сайты жазганына караганда, Тегеранда митингге чыккандарды полиция аткан. Өлгөндөрдүн арасында оппозициялык лидер Мирхусейн Мусавинин жээни да бар экени айтылууда. Полиция болсо адамдардын өлүмүнө тийиштиги жок экенин айтып жатат. Оппозиция шийилердин “Ашура” диний майрамы учурунда бейкүнөө адамдардын канын төккөнү үчүн коопсуздук күчтөрүн айыптоодо.

XS
SM
MD
LG