Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

Ош облустук телерадиокомпаниясы түзүлөт


Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөттү 1-февралга дейре Ош облустук телерадиокомпаниясын түзүүгө милдеттендирген буйрукка кол койду. Буйрукка ылайык, мындан ары облустук телерадиокомпаниялар облбийликтин карамагына өтөт. Жер-жерлердеги телерадиокомпанияларга усулдук жана техникалык колдоо УТРК тарабынан берилип, облустук телерадиокомпания жетекчилерин президенттин катчылыгынын макулдугу менен губернаторлор дайындашат.

Ош облустук телерадикомпаниясынын базасында 2000-жылы "Ош-3000" мамлекеттик телерадиокомпаниясы түзүлүп, 2005-жылы анын ордуна "ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү" уюшулган. Мындай өзгөрүүнүн натыйжасында Ош облусу телерадио компаниясы жок калган. Мурда УТРК курамына кирген башка облустук телекөрсөтүүлөр болсо быйыл Маданият жана маалымат министрлигинин карамагына өткөрүлгөн. Башкаруу системасын реформалоонун негизинде бул министрлик жоюлуп кеткен соң облустук телекомпаниялар ара жолдо калган. (EK)

XS
SM
MD
LG