Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Нарында мергенчилик дүкөн ачылды


Жалпы наркы 350 миң сомго бүткөн мергенчилик дүкөнүндө оболу 4 мылтык түрү, ок-дарылар, атайын кийимдер, капкан, турнабай, ошондой эле ат такалар да сатыкка коюлган. Нарын облустук мергенчилер жана балыкчылар коомунун башкармасынын төрагасы Дүйшө уулу Черикчи мындай дүкөн Кыргыз эли эгемендик алгандан бери облуста биринчи курдай ачылып жаткандыгын билдирди. Дүкөндү курууга 5 жылдык убакыт кеткен. Ал эми быйылкы жылы президент Курманбек Бакиевге суроо-талап катары шайлоо алдында 100 миң сом каражат суралып, ал аткарылгандыгы дүкөндү ачуу азем учурунда айтылды. Калган каражатты коомдун өздүк салымдары түзөт. Салтанатта республикалык мергенчилер жана балыкчылар коому 18 миң сомдук товарларды тартуу кылса, губернатор Т. Чекиев 10 миң сомду нак тапшырды. Дүкөндүн толук бүткөрүлүшү үчүн дагы 200 миң сомго жакын каражат керектелерин Дүйшө уулу Черикчи белгиледи. (KUs)

XS
SM
MD
LG