Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:46

Авиалайнерди жардырууга «Ал-Каида» аракет жасаган


25-декабарда Амстердамдан Детройтко учуп барган лайнерди жардырууга аракет жасаганын «Ал-Каида» уюму бүгүн интернет аркылуу билдирди. Кошмо Штаттарынын мониторинг жүргүзүүчү уюмдарынын маалыматы боюнча, «Ал-Каида» учакты АКШнын Йемендеги антитеррордук ишмердигине жооп катары жардырууга аракет жасаган. 25-декабрда 23 жаштагы нигериялык Умар Фарук Абдулмутталиб Амстердамдан Детройтко учуп барган лайнерди жардырууга аракет кылган маалда кармалган болчу. Кошмо Штаттарынын коопсуздук күчтөрү Абдулмутталиб экстремисттик көз карашта экенин билсе да аны АКШга кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесине кошпой кюп, чоң ката кетиргенин мойнуна алды.

XS
SM
MD
LG