Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен кабарлашты. Белгилүү болгондой 28-декабрда Ташкенде кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны болуп, анда кыргыз тараптын делегациясын өкмөт башчы Данияр Үсөнов жетектеди. Ал эми өзбек тараптан вице-премьер-министр Рустам Азимов болду. Ташкен тарап сүйлөшүүлөрдө ГЭСтерди курууда кошуна өлкөлөр менен макулдашуу, контрабандага чек коюу, чек ара маселеси боюнча өз талаптарын койгону кабарланууда. Бирок сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат бериле элек.(AiT)