“Central Asian news” агенттигинин кабарлоосуна караганда, Казакстан ички иштер министрлиги кыргыз журналисти Геннадий Павлюкту өлтүрүүгө тиешеси бар бир катар кыргыз жарандарын аныктады. Козголгон кылмыш иштин алкагында топтолгон материалдарды казак полициясы кыргыз тарапка өткөрүп берүү жагын караштырууда. Кыргызстан ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов бул материалдарды берүү эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары тарабынан ишке ашырыларын, азырынча Кыргызстанга эч кандай материалдар бериле электигин билдирди. Геннадий Павлюк 16-декабрда Алматы көп кабаттуу үйдөн ыргытылып, өзүнө келбей жатып 22-декабрда кайтыш болгон. “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев муну саясий өлтүрүү катары баалаган.(AiT)