Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:25

К.Бакиев Улуттук статистика комитетинин төрагасын кабыл алды


Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөт үйүндө Улуттук статистика комитетинин төрагасы Орозмат Абдыкалыковду кабыл алды.
Жолугушуу учурунда Улуттук статистика комитетинин жетекчиси мамлекет башчысына 2009-жылдагы калкты каттоонун жыйынтыгы боюнча чыгарылган китептин биринчи нускасын тапшырды. Ал президентке ведомствонун үстүбүздөгү жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жана келерки 2010-жылдагы иштеринин негизги багыттары тууралуу кыскача маалымат берди. 2009-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктынын (ИДП) өсүшү 2,4 пайызды түзгөндүгү белгиленди. Бул көрсөткүч боюнча Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин арасында экинчи орунду ээледи.
Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын жаз айларында өткөрүлгөн калкты каттоо көрсөткөндөй, республикабыздын дээрлик бардык облустарында калктын саны өскөн. Эгерде 1999-жылы өлкөнүн калкынын саны 4млн. 824,9 миң адамды түзсө, 2009-жылы бул көрсөткүч 5млн.362,8 миң. адамга жеткен.
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы статистика комитетинин жетекчисине калктын жашоо деңгээлин аныктоонун методикасын жаңылоо, ишмердигинде өнүккөн өлкөлөрдө кабыл алынган алдыңкы ыкмаларды кеңири колдонуу боюнча тапшырма берди. “Эң негизгиси – статистика так жана туура болууга тийиш”,- деп баса белгиледи Курманбек Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG