Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:54

Иранда укук коргоочу Эбадинин сиңдиси камалды


Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын ээси, белгилүү укук коргоочу Ширин Эбади анын сиңдисин эмне үчүн камашканын билбейт. Бул тууралуу ал бүгүн Си-Эн-Эн телеканасына айтты. Укук коргоочунун айтымында, анын сиңдиси адам укугун коргоо багытында иштебейт жана эч кандай нааразылык акцияларына катышкан эмес. Өткөн түнү өлкөдөгү белгилүү бир журналист жана укук коргоочу активист да түрмөгө камалышкан. Жекшембиде Тегеранда демонстранттар менен полициянын кагылышынан сегиз адам набыт болгондон кийин, өлкөдө белгилүү оппозиционерлерди, адам укугун коргоочуларды камакка ала башташты.

XS
SM
MD
LG