Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:36

Бүгүн Кытайда британ жараны дарга асылды


Ал 2007-жылы төрт килограмм героин менен кармалып, Кытайда өлүм жазасына өкүм кылынган эле. Британия аны “акыл-эсинен адашкан, ал эмне кылганын өзү да жакшы түшүнө бербейт” деп, кытайлык бийликтерден Акмал Шейхке ырайым көрсөтүп, аны түрмөдөн бошотууну суранган. Британиянын премьер-министри Гордон Браун расмий Бейжинге 27 жолу өтүнүч каты жөнөтүлгөнүн, бирок, ошого карабай, Кытай баары бир бүгүн Акмал Шейхти дарга асканын кескин айыптады. Amnesty International укук коргоо уюму да Кытайда психикалык оорулуу адам өлүм жазасына тартылганын кескин сындады. Уюмдун маалыматына караганда, Кытайда өлүм жазасына тартылгандардын саны, жалпы дүйнөдө өлүм жазасына тартылып жаткандарга караганда, үч эсе көптүк кылат.

XS
SM
MD
LG