Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Ош шаарында 29 миң кардардын жарыгы өчүрүлдү


Бул туурасында Ош шаардык электр түйүндөрү ишканасынан бүгүн «Азаттыкка» билдиришти. Алардын эсебинде калаанын 29 миңге чукул жашоочусу электр кубатын үзгүлтүксүз пайдаланып, бирок бир нече ирет эскертилгенине карабастан акысын убагында төлөшкөн эмес. Мунун айынан карыздардын саны 98 миллион сомду чапчыган. Ошондуктан, “мурдун балта кеспегендердин” бардыгынын жарыгы өчүрүлдү.

Ошентсе да, шаардын айрым тургундары турмуш-шарты начарлардын же болушаары жоктордун жарыгы өчүрүлүп, ал эми электр кубатына карызы көптөр чоң кызматтарда иштегендиктен, аларга энергетиктер даабай жатат деп айтышууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG