29-декабрда президент Курманбек Бакиев 2009-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңеш кабыл алган “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам энергия булактарына тарифтердин жогорулашын эске алуу менен мамлекеттик жөлөкпулдарды берүүдө реформаларды ишке ашырууга багытталган. Ал мыйзамда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдарга 23 жаштан ашып кеткен куракка чейин социалдык коргоону күчөтүү каралган. (EK)