Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:52

“Түндүкэлектрону” сатып алууга үч компания катышты


Мамлекеттик мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакировдун билдирүүсүнө караганда, 29-декабрда “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча конкурс аяктады. Бул ишкананы сатып алууга Росиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнерго” акционердик коому документтерин тапшырып, аларды тийиштүү комиссия кабыл алды.Комиссия документтерди иликтеп, жеңүүчүнү аныктайт.Ал эми "Ошэлектро", Чыгышэлектро" жана "Жалал-Абадэнерго" бөлүштүргүч компанияларынын мамлекетке тиешелүү 80% ашуун акцияларын сатуу боюнча тендер 2-февралда болот.(AiT)

XS
SM
MD
LG