Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:02

31-декабрда Бишкекте Аяз аталардын парады болот

Бул тууралуу Бишкек шаардык маданият башкармалыгынын жетекчиси Малдыбай Кайыпов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, баш калаанын борбордук Ала-Тоо аянтында жүз элүүдөн ашуун Аяз аталардын жүрүшү саат ондо башталып, аларды мэр Нариман Түлеев Бишкек шаардык администрациясынын жанынан тосуп алып жаңы жылдык белектерди тапшырат. Андан соң Ала-Тоо аянтында саат он үчкө чейин эстрада чеберлеринин, шаардык өздүк көркөм чыгармачылык жамааттарынын концерттик программасы тартууланат. (AJ)
XS
SM
MD
LG